super.kg logo
  Саясат  

Коррупцияга айыпталган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкерлери күнөөлүү деп табылды

 

Тендер өткөрүүдө коррупцияга айыпталган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы кызматкерлери кылмыш үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку статс-катчысы Данияр Бакчиев (230 000 сом), төраганын орун басары Русланбек Сарыбаев (270 000 сом) жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаевге (270 000 сом) карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан өкүм чыгарылды. Тергөө органдары тарабынан аталган кызматкерлер мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды. Жыйынтыгында алар 319-берене (Коррупция) боюнча күнөөлүү деп табылып, ар кандай өлчөмдө мамлекетке айып төлөө милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы А.К.Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө. Учурда биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча бардык катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу багытында тергөө иштери уланууда", - деп билдиришет аталган кызматтан.

Эске салсак, 2019-жылы апрель айында Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги кармалганы тууралуу айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: