super.kg logo

Ошто "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бир айга камакка алынды

 

Ош шаарында "Казак" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1 айга СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 17-январда Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүнүн алдында катталган каракчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталып, кармалган.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту кечээ, 19-февралда шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, аны 17-февралга чейин камакка алган.

Буга чейин кылмыш чөйрөсүндө "Казак" каймана аты менен белгилүү М.У. Ош шаарындагы "Скай-бар" түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы тургун менен сөз талаша кетип, аны миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып кеткен. Андан соң анын үстүнөн Ош шаарынын тургунунан арыз келип түшкөн. Анда16 жаштагы кызды шектүү күч колдонуп, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктап койгону жазылган. Ал эми 17-январда судья Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан мурда бошотуу жөнүндө жарлыкка президент кол койгон. Судья Айнура Сулайманова 8-январда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Умар Маратовду (Казак) үй камагына чыгарган. Анын мындай чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.01.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камап туура кылат. Мындай кылмышкерлерди тобу менен камап салуу зарыл.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: