super.kg logo

Орусияда мейманкананы ысык суу каптап, 5 адам каза болду

 

Бүгүн, 20-январда түндө Орусиянын Пермь шаарындагы мейманканада ысык суунун түтүгү жарылып кеткен. Жергиликтүү маалымат булактары бул кырсыктан 5 адам каза болгонун жазды. Ага ылайык, көз жумгандардын бири кичинекей бала.

Дагы 3 адам андагы ысык сууга күйүп ооруканага жеткирилген. Мейманкана көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан.

Күбөлөр кырсык тууралуу буларга токтолушкан: "Таңкы саат төрттөр чамасында мейманканадан буу чыгып жатты. Менин жубайым келип караса кадимки кайнак суу анын босогосуна чейин жетип калыптыр. Биз ага жакын жайгашкан үйдө 6 жылдан бери жашайбыз. Көчүп келгенибизде эле ушул мейманкана бар болчу, билишимче анда жакында оңдоо иштерин жүргүзүшкөн".

Ал эми Пермдин губернатору бул чакан мейманканын эвакуациялык чыгуу эшиги жок экендигин айтып, бул абал адамдардын өлүмүнө алып келгендигин белгилеген. Айрым маалыматтар боюнча, мейманкана жайгашкан үйдөгү жылуу суунун түтүгү 58 жыл мурун орнотулган. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: