Аваз Акимов жубайы менен кызын төрөтканадан алып чыкты. "Кызыбызды дүйнөлүк жылдыздын атынан Ариана деп атадык" дейт ал





Бүгүн, 20-январь күнү ырчы Аваз Акимов жубайы Айдана Дека менен кызын төрөтканадан алып чыгышты. Эне баланы чыгаруу үчүн Айдананын ата-энеси, "Дека дэнс" бий тобунун бийчилери, Аваздын кесиптештери, достору келишти.
"Кызыбыздын атын чоң атасы менен кеңешип, дүйнөлүк жылдыз Ариана Гранденин атынан Ариана деп койдук. Буюрса, келечекте апасы экөөбүз кызыбызга татыктуу ата-эне болгонго бардык аракетибизди жумшайбыз", - дейт кызын колуна алган Аваз.
Ал эми эне статусун алган Айдана Дека: "Учурда ден соолугум жакшы. Кудай буюруп, аман-эсен төрөп алдым. Башында түйүлдүк пайда болгондо эле менде энелик инстинкт пайда болгон. Кызым төрөлгөндө андан беш бетер кызыма болгон сүйүүм күчөдү", - дейт Айдана.
Ариана деп аташты. Аваз Акимов менен Айдана Дека кызын төрөт үйүнөн чыгарды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
1

Аваздын ата-энеси Ариана деген ырчы бар экенин билбесе деле керек))