super.kg logo

ЖЭБ иши: Сапар Исаков соттук отурумга катышуудан баш тартты

 

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды. Отурумга иш боюнча өтүп жаткан бардык айыпталуучулар: мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов алып келинди.
Ошондой эле Свердлов райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыккан Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев катышты. Отурумдун жүрүшүндө судья жактоочулардын тапшырган апелляциялык даттануулары боюнча негиздерин укту. Мындан тышкары, судья айыпталуучуларга дагы оюн билдиргенге мүмкүнчүлүк берди. Ага карата мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков райондук соттун чечими, жалпы эле процесстин жүрүшү одоно мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, бул соттук отурумдун деле акыйкат өтүшүнө көзү жетпешин билдирди.

"Биздин жасаган ишибиз мыйзамга ылайык, Эл аралык укуктарга туура келгендей жасалган. Биз ушул багытта иштегенбиз. Мындан тышкары, өткөн соттук процессте мамлекетке келтирилген чыгым туура эмес эсептелгени аныкталганы менен, ал нерсе чечим чыгарууда эске алынган жок. Демек сот бүгүнкү күндө иштеп жаткан макулдашуунун жобосуна шек келтирүүдө. Мындай жагдай мени таң калтырууда. Бул жерде эмне жөнүндө айтам билбейм. Бул процесс саясий мотиви бар иш. Анткени биздин өлкөдөгү абалды көрүп жатам. Мен ишке төрагалык кылган сотторго эч кандай нааразычылыгым жок. Бирок мен бүгүнкү күндө соттор көз каранды экенин көрүп жатам. Өлкөдө саясий кырдаал өзгөрмөйүнчө, кандайдыр бир жаңы нерселер болот деп күтпөйм. Ошого байланыштуу кийинки соттук процесстерге катышуудан баш тартам. Менин кызыкчылыгымды иш боюнча жүйө далилдеримди жактоочуларым билдирип турат. Бирок мен акырына чейин күрөшөм", - деди Исаков.

Соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Кожомбердиев бар. Кийинки сотук отурум 22-январга жылдырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
20.01.2020. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ыйлаак АШАнын жолун жолдоп жатат.
20.01.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген макалды бул ирет абактагы Сапар Исаков далилдей баштады. Тактап айтсак, Сапар мырза дагы эми сот процессине катышуудан баш тарта баштады. Ал мындай адатты «кожоюну» Атамбаев суракка баруудан, андан кийин сот процессине баруудан баш тарткандан кийин баштады.
robot111 түзөттү 2020-01-20 15:58:01
20.01.2020. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
robot111,
Сапар Исаков таза киши. Азыркы Сокенин кландык режимине эч ким ишенбейт. Соттор Сокенин көңүлүнө ылайыктап каалаган чечимин чыгарып берет. Эл эч качан Сокенин кландык режимине ишенбейт. Сооронбай оз билгенин кылып жатат. Сооронбай кетпесе эч онолбойбуз.
Mirlan27011987 түзөттү 2020-01-20 18:12:17
20.01.2020. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар каадаланбачы ашатана окшоп. 111 млн долларды кайтарып ордуна коюп кой.
20.01.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
шоу продолжается. клоуны в цирке
20.01.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келебесе келбей эле койсун,ошол отурган жерине эле барып куноосун угузуп койгула и дальше жата берсин.Кайра кайра чакырып убара болуп не кыласынар кылыктанган адамды,срокту берип тынчыткыла нары!
Dembele84 түзөттү 2020-01-20 16:10:51
20.01.2020. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
630 долларлык кычкач менен кымчып алып келгиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: