super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Суу тоңуп кооптуулук жаралган жерде жарандык коргонуу кызматы иш алып барууда" дейт министрликтен

 
Сүрөттөр ӨКМ тарабынан берилди

Элдик кабар бөлүмүнө окурмандан "Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылында Ак-Суу дарыясынан суу ашып, айыл жашоочусунун үйүнө кирип кетиптир" деген билдирүү келген.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганыбызда, талап боюнча турак үй сууга жакын салынбашы керек дейт.

"Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында Кара-Тейит айылынын Ак-Суу дарыясы тоңуп 2 турак үйгө кооптуулугу жаралган. Учурда жарандык коопсуздук кызматтары жеринде иш алып барууда. Айыл аймактык деңгээлде техникалар тартылды. Белгилеп кетүүчү нерсе, талап боюнча турак үйлөр дарыяга жакын салынбашы керек. Аталган айыл аймагында кооптуулук жаралган үйлөр сууга жакын жайгашыптыр. Бул жашоо үчүн кооптуу экенин эскерте кетели", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.01.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал чекти айыл өкмөт бергендир акыры.
21.01.2020. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шылтоо табыла берет да. Жык- жыйма табылат даже толгон токой шылтоо табышат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: