super.kg logo

"24.kg" артка чегинди. Редакциянын өкүлү сотто Матраимовду коррупцияга күнөөлөп жарыялаган материалы боюнча далили жок экенин айтты

 

Бүгүн, 20-январда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун "Азаттык", "24.kg" жана "Клооп" сайттарына карата жазган доосу боюнча соттук отурум өттү. Соттук отурум Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда болду. Буга чейин Матраимов жогорудагы жалпыга маалымдоо каражаттарына карата арыз жазып, 60 миллион сом доону талап кылган. Райымбек Матраимовдун арыз жазуусуна жогоруда аталган 3 редакциянын бажы чийиндердеги аткезчилик схемалар боюнча жарыялаган материалдары себеп болгон.

Соттук отурумдун жүрүшүндө "24.kg" сайтынын өкүлүнө суроо берилди. Анда доогердин жактоочусу "24.kg" Матраимов тууралуу жазылган бул материалдын өзүн башка ЖМКдан көчүрүшү мүмкүн экендигин айтып, бирок темасын өздөрү койгондугун белгиледи. "Ошондо коррупциялык схемалар мен кызыкчылыгын коргоп жаткан адамга алып барат деп жазганыңарга далил барбы?", - деп сурады жактоочу.

Анда "24.kg" сайтынын өкүлү Эмил Жандаев: "Ал материалдын темасы "24.kg" тарабынан жазылган, бирок ага далилдер жок. Буга байланыштуу биз сунуштарды угууга даярбыз", - деди. Ошондой эле, "24.kg" сайтынын өкүлү аталган редакция журналисттик иликтөө жүргүзбөгөнүн, "Азаттык" менен "Клооптун" материалына ээлик кылбай турганын, колдорунда далили да жоктугун билдирди.

Жогорудагы сайттарга карата доо арыз менен сотко кайрылууга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн даттанууларды териштирүү боюнча комиссияга кайрылган. Анда депутат "Азаттыкка" карата жазган арызы боюнча чечим чыгарууну сураган, бирок комиссия кайрылууну кароодон баш тартуу бүтүмүн кабыл алышкан.

Өткөн жылдын 6-декабрында УКМКда сурак берип чыккан Райымбек Матраимов "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаитини тааныбай турганын, 700 миллион долларга эмес, 7 тыйынына дагы тиешеси жоктугун айткан. Кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде Райымбек Матраимов "Мен түшүнбөйм. Эми журналисттер эмнеден коркот? “Сотко далилдей албай калабыз” деп коркобу? Чыгарган маалыматтарынын чындыгына (жетиштүү фактылар менен далилдешсе...) көздөрү жетсе, анда сот алдында эми далилдеп беришсин" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(9)
20.01.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кар жаайт экен Раим күнөөлүүбү?
20.01.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Козунорду май басып калган иштесенер тыгылып жатат далилдер
20.01.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Австралиядагы өрткө Раим күнөөлүү деп жатышат.
20.01.2020. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кандай болсо да 24.кг сайты коррупцияга аралашкан жана бир жактуу маалымат таратып жүрөт.
20.01.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мунун баарына Бакиев күнөөлүү алтындарым
20.01.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баштагандан кийин аягына чыккыла артка кайтпай!
20.01.2020. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада кар жаабай жатат. Кар жаадырчы айланайын Раимбек.
20.01.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иши кылып Раим ата колдосун болуп атат азыр.
21.01.2020. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда быйыл кар жаабады. Элдин баары "Раим эле кылды, томожнядан тапкан акчасына кудайды сатып алды деп жатышат".(ехидно)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: