super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Буга чейин Атамбаев, бүгүн Исаков соттук процесске катышуудан баш тартты. Башкы фигурант катышпаган сот процесси, сот чечими коомчулукта ишеним туудурабы? Осмоналиев: "Алардын сот процессине катышуудан баш тартканы сот, тергөө системдеринин кыйрап калганын көрсөтөт"

 

9-январда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун көчмө жыйынына катышпай чыгып кеткен. Ал Сот департаментинин кызматкерлери анын жолун тосконуна карабай кетип калганын жактоочусу айткан. Бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралды. Анда мурдагы премьер-министр Сапар Исаков райондук соттук процесстин жүрүшү одоно мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, бул соттук отурумдун деле акыйкат өтүшүнө көзү жетпешин билдирди. Ал соттук отурумга катышуудан баш тартты.

SUPER.KG порталы "Буга чейин Алмазбек Атамбаев, бүгүн Сапар Исаков соттук процесске катышуудан баш тартты. Башкы фигурант катышпаган сот процесси, сот чечими коомчулукта ишеним туудурабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев мурдагы президент менен мурдагы премьер-министрдин сот процессине катышуудан баш тартканы сот, тергөө системдеринин кыйрап калганын көрсөтөт деген пикирде.

"Мурдагы президент менен мурдагы премьер-министрдин өздөрү ушинтип мыйзамды сыйлабай, сот процессине катышпай, керек болсо отурум учурунда чыгып кетип жатат. Бул биздин сот, тергөө системдеринин биротоло кыйрап калганын көрсөтөт. Убагында биринчи, экинчи саясий бийликте турган кишилердин ушинтип жатканы бүгүнкү күндөгү сот системинин аянычтуу абалга келгендигин көрсөтүп турат. Бул сот системдери президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аракетин биротоло жокко чыгарды дегенге жатат", - дейт Осмоналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: