super.kg logo

"Таштаган эмесмин". Ошто 2 жаштагы наристени түнү көчөгө таштап кеткен эне кармалды

 

Ош шаарында түнү көчөгө ташталган 2 жаштагы наристенин апасы кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, наристенин 27 жаштагы энеси бүгүн, 20-январда кармалган.

"Эне алгачкы көрсөтмөсүндө наристесин таштаган эмес экенин айтууда. Ал мас болуп уктап калганда кызы басып кеткенин айткан. Ага бирге ичимдик ичкен достору ал изделип жатканын айтышкан, бирок ал кызын издеген эмес. Ал ошол убакыттан бери Кызыл-Кыя шаарында кээде Ош шаарында ичимдик ичип жүрө берген. Тергөөдө анын күйөөсү жок экени аныкталган. Учурда ал сурак берүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Буга чейин 29-декабрда түнкү саат 01:30 чамасында милиция кызматкерлерине "Тез жардам" кызматынан кебетеси европалык болгон 2 же 3 жаштагы кызды шаардагы көчөлөрдүн бирине белгисиз адамдар таштап кетишкени кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери кыздын ата-энесин издеп, наристе шаардагы реабилитациялык борбордо багылып жатканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.01.2020. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чонтогундон беш сомун тушуп калса ичин ачышып бир топко чейин издейсин го
Бул аял манкурт болуп калган окшойт да
20.01.2020. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кокуй...тообо кылдым миң мертебе... Ата ичсе өзү талаада калат.Эне ичсе бала талаада калат...
20.01.2020. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундан коро олуп калсан жакшы болот эле бир алкашка,сойкуга азаят эле.балагада таштап кетти деген аттан коро жетим калды деген жакшыраак угулмак
20.01.2020. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларга балдарды берет андан коро балага жетпеген адамдарга берсебалдар кор болбойт эле эх тагдыр жапжаш туруп ичимдик ичип 40-50го жетпей не болот аягы
20.01.2020. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бага тургандар бар бергиле да
21.01.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого зар бала бирооно кор бала деген ушул да ошол кыз багат эле да чонойсо энесин кыз да чонойот энеси кантип бетин карайт э́ми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: