super.kg logo

Ала-Бука РИИБинин эки кызматкери пара менен кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКга А.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Ала-Бука РИИБинин тергөөчү менен участкалык кызматкери кошуналар ортосундагы жаңжал фактысы боюнча ишти өндүрүштөн кыскартуу үчүн пара талап кылышканын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен сотко чейинки өңдүрүшкө алынган.

18-январь күнү коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы эки кызматкер 35 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Алар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.01.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коррупция менен күрөшүү ушундай темпте кете бериш керек бир токтобой
20.01.2020. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар эски адатын койбойт экен, коррупция менен курошту оюн коруп жаткан сыяктуу. Бирок тилекке каршы азыр уурулардын заманы артта калды.Эсин барда этигин жап кудагый.
20.01.2020. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупцияны жок кылуу учун алгач берген колду тыйсак, алган кол озу эле тыйылат.
22.01.2020. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун кармалат, эртеси бошоп кетишет.Алар дагы ошону билип туруп кылып жатышат.Баары "доляда".
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: