super.kg logo

Свердлов районунда тилемчилик кылган 22 өспүрүм табылды

 

Мэрия тарабынан Свердлов району боюнча көчөлөрдө тилемчилик кылып жүргөн жашы жете элек балдарга текшерүү жүргүзүлүп, 22 өспүрүм табылган. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаардык мэрия дайыма пландык текшерүү жүргүзүп, көчөлөрдө тилемчилик кылган, зомбулукка кабылган же иштөөгө аргасыз болгон өспүрүмдөрдү таап келет. Бул ирет Свердлов райондук акимиаты өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекция, социалдык өнүктүрүү башкармасынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү, муниципалдык аймактык башкаруу менен чогуу Чыгыш-5, ЦУМ, ГУМ, Дордой плаза, жер өткөөл, мечиттердин айланасы, компьютердик клубдарга текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында 22 өспүрүм тилемчилик кылганы аныкталып, алардын сегизи "Айданек" реинтеграция борборуна өткөрүлүп, бирөөсү адистештирилген үй-бүлө жана балдарды реабилитациялоо борборуна жеткирилип, калган 13ү ата-энесине же мыйзамдуу өкүлүнө өткөрүлүп берилди. Ата-энелер менен алардын баласынын алдындагы жоопкерчилиги жөнүндө сүйлөшүлүп, жашоо шарты начар үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлдү", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: