Сиам эгиздеринин окуясы. Түгөйсүз калган Гита рак илдети менен күрөшүүдө




Кыргыз өлкөсүнүн Жаңы-Жер айылынын тургундары сиам эгиздери Зита жана Гита Резахановалардын тагдыры тууралуу коомчулук жакшы билет. 2000-жылдардын башында эгиздерди орусиялык хирургдар ажыратып, Зита жана Гита өз алдынча жашап калышкан эле. 2015-жылы түгөйлөрдүн бири Зита оорудан улам каза болгон. Орусиялык канал учурда түгөйү жок жалгыз жашап жаткан Гитадан кабар алып, анын жашоосу тууралуу сюжет даярдашкан.
Маалыматка ылайык, Гита 2019-жылы ооруп, Москвадагы клиникаларга көрүнгөн. Ал жактан ага жоон ичегисинин залалдуу шишиги деген диагноз коюп, операция жасашкан. Гитаны алдыда химиялык терапиялар күтүп турганы маалымдалган.
"Зита окууну аябай самачу. Анын көзү өтүп кеткен соң өзүмдү колго алып, түгөйүмдүн кыялын ишке ашырууну максат кылдым. 4 жыл колледжде окуп, эми гана мугалим болуп иштеп баштагам. Эки ай иштегенден кийин залалдуу шишик дартына чалдыкканымды билдим. Ошого байланыштуу жумушка бара албай калдым. Мындан ары деле бара албасам керек... Мен ооруну татыктуу кабыл алдым. Мындан ары апам ачкан борбордо иштейм", - дейт өз сөзүндө Гита.
Кыздардын апасы Зумрият Резаханова учурда кыздарынын чоң кыялын ишке ашырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөткөн борбор ачкан.
Сиам эгиздеринин аман калган түгөйү Гита рак илдети менен күрөшүүдө





1 |