super.kg logo

Автотранспорт агенттигинин директорунун орун басары: "Транспорттук көзөмөл жүргүзүү атайын системдердин жардамы менен жүргүзүлө баштайт"

 

Дүйнөлүк банктын эсебинен транспорттук көзөмөлдүн 8 пунктуна салмак габариттик контролдоо боюнча динамикалык жаңы систем орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда автомобиль, суу транспорту жана салмак өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары Арсланбек Касымалы уулу билдирди.

Маалымат жыйынында санариптешүү жылынын алкагында агенттик бир нече системдерди ишке ашыра баштаганы айтылды.

"Системдердин эң негизгиси бул - "Электрондук транспорттук көзөмөл" автоматташтырылган маалымат системи. Анын негизги максаты транспорттук көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Системдин негизинде, лицензиялоо, жөнгө салуу, эл аралык ташууларга уруксат берүү, бирдиктүу реестрди киргизүү, салмак габариттик контролго мониторинг сыяктуу процесстер автоматташтырылды. Бул системдердин айрымдары ишке кирсе, айрымдары ишке кирүү этабында турат. Мындан тышкары, жол кыймылы эрежелерин бузууларды көзөмөлдөө жана автоунаалардын кирүүсүн, чыгуусун көзөмөлдөө максатында жогоруда айтылгандай габариттик контролдоо боюнча динамикалык жаңы систем орнотулду. Бул системдер учурда Сосновка, Кемин, Жаңы-Арык, Каратай, Көк-Талаа, Чалдовар, Ак-Тилек өткөрмө пунктарында иштеп жатат", - дейт Арсланбек Касымалы уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: