super.kg logo

Кытай пластикалык буюмдарды колдонуудан баш тартат

 

Кытай пластикалык баштыктарды колдонуудан баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, 2020-жылдан тарта өлкө аймагындагы ири шаарларда пластикалык баштыктарды колдонууга тыюу салынат. Ал эми 2025-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактарында пластикалык баштыктар, ошондой эле пластикалык буюмдардын башка түрлөрү да колдонуудан чыгат. Бул тууралуу кытайлык басылмалар жазышууда.

Маалыматта берилгендей, пластикалык баштыктарды жана башка пластик буюмдарды өндүрүүгө жана колдонууга тыюу салуу алгач Кытайдын ири шаарларында ишке ашат. Ал эми 2022-жылдан тарта өлкөнүн бардык аймактарында тыюу салынмакчы.

Кытай өкмөтү бул долбоор кытай элинин саламаттыгы жана келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин белгилешкен.

"Science" журналы 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, дүйнөлүк океандагы пластикалык буюмдардын таштандысынын дээрлик 28 пайызы Кытайга таандык экендиги аныкталган. Жыл сайын океанга 8 миллион тонна пластикалык буюм-тайымдардын таштандысы агып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
21.01.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошенткилечи. Бизге да кирбей калат пластикалык буюмдар.
21.01.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кытай өзү баш тартат зыяндуу продукцияны бизге жөнөтөт башы иштебеген элин жерин ойлобогон эшеке минерлер биздин жашоону талкашты .
21.01.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пластиканы оздору ойлогон зыянын коп корду рак оорулар кобойду
21.01.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга ишенбейм да мен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: