super.kg logo

Күтүүсүз байлык. Мичигандын жашоочусу диван сатып алып, андан 40 миң доллар таап алган

 

Мичигандын жашоочусу эски диван сатып алат. Бирок ага отуруу абдан ыңгайсыз болгондуктан, диванды ачып көрүп, ичинен 40 миң доллар таап алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, АКШнын Мичиган штатынын Говард Кирби аттуу тургуну 2019-жылы декабрда өзүнө комиссиялык дүкөндөн (колдонулган буюмдарды сатуучу жай) эски диван сатып алган. Ал диванды бир канча апта колдонуп, ага отуруу абдан ыңгайсыз болуп жатканын сезет. Кирбинин кызы эмнеге мындай экендигин текшерүү үчүн диванды ачып көрүп, анын ичинде акча жашырылганын көрөт. Жалпысынан дивандын ичинен 40 миң доллар алып чыгат. Анын баары 20, 50, 100 долларлык болгон.

Мындан соң Кирби жактоочу менен кеңешип көрөт. Жактоочу бул жагдайды жана акчанын кайдан келгендигин ачыктоого милдеттүү эместигин билдирип, акчаны өзү алып калса болорун айткан. Бирок Кирби мындай туура эмес болорун ойлоп, диванды сатып алган дүкөндүн кызматкерине бул тууралуу билдирген. Сатуучулар өз учурунда диванды саткан адамды табышат. Ал бул диван бир канча ай мурун каза болгон чоң атасына тийиштүү экендигин айткан. Жыйынтыгында Кирби дивандын мурдагы ээсине бардык акчаны кайтарып берген. "Эгерде мен ушундай кырдаалга туш болсом, эмне кылмак элем деп улам-улам ойлондум. Эми өзүмдү эң сонун сезип жатам", - деген Кирби. Ал эми диванды Кирби өзүнө алып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
21.01.2020. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыргызстанда болгондо эч ким кайтарып бермек эмес. Мисалы мен бермек эмесмин.Бизде жадагалса миллионер аткаминерда кайтарып бермек эмес.
21.01.2020. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алардын дүйнө таанымы ан сезими башка.а биздин кыкендер аман эле болсун
21.01.2020. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мен деле. Күнөөкөр пендебиз го баарыбыз. Туура эместигин билсем да кайтармак эмесмин. Неге дегенде темасын окуганда эле мага туш болсо го ушул деп тиленип ийдим мен.
21.01.2020. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чет олколуктор негизи оздоруно керектуу Гана нерсеге умтулушат,ашыкчага Коз артышпайт .мындай окуялар коп Болот аларда.Биз болсо ач Коз,коодонубуз жарды,дунуйо деп олуп кетебиз.
кошуна мн кошуна,абысын мн абысын ,кудалары,достор ,деги эле баарын андып отурабыз
21.01.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Margo82,класс
21.01.2020. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Margo82,бизде акча бардык нерседен жогору болуп калган.туура айтасын тууган.баржык нерсени акча менен баалайбыз.
22.01.2020. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде болгондо сразу машина базарга барып машина тандамак Лексус алсамбы или ааз ичкен Фит алсамбы деп кайтып ошол дуконго барып дагы жок беле деп сыр билдирбей сурамакпыз
22.01.2020. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
мен бермекмин. адал нерсеге емне жетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: