super.kg logo

Ырчы Дайыр Исмадияров "Музканал болбогон шылтоо менен клибимди чыгарбай жатат" деп нааразы. Көркөм кеңеш бул тууралуу пикирин билдирди

 

Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров социалдык баракчасына Музканал акыркы чыккан эки клибин талапка туура келбейт деп албай коюшкандыгын жазып, Коомдук каналга нааразычылыгын айтып чыкты.

"Достор, негизи эле мага “эмнеге клиптериңиз Музканалдан чыкпайт?” деген суроону көп узатышат. Эми бүгүн чындыкты айтам. Эсиңиздерде болсо, өткөн жумада “Биз баскан жолдор” аттуу клибим YouTube каналына жүктөлүп, 4 күндүн ичинде 400 000ге жакын көрүлдү.

Албетте, бардык эле ырчылар сыяктуу мен дагы ырымдын Коомдук каналдын Музканалынан чыгуусун каалап жибергем. "Актёрлор жакшы ойной алган эмес, ыр начар" деген шылтоо менен кабыл албай коюшту. Клипти тарбиялык мааниси күчтүү болсун, бала жок деп эле ажыраша бербей, сабыр кылышсын деген максатта тартканбыз. Эми Музыка каналындагыларга актёрлор жагыш үчүн Голливуддан актёр чакыралыбы? Акылга сыя турган нерсени талап кылышса болбойбу? Буга чейин дагы “Алма сунсам колуңа” деген клипти "чыгымы жок тартылган" деп албай коюшкан. Эми ушул да шылтообу? Кыргыз ырчылары миллион доллар коротуп клип тарта тургандай даражада эмеспиз.

Жеке эле менин клиптеримдин жарабай калышынын чоң себеби бар. Айтпай жүрдүм эле, эми айтайын. Музканалдын продюсери экөөбүздүн пикирибиз келишпей, уруша кеткенбиз. 3 жыл мурун ал КТРКнын "Көгүлтүр отуна" акча алып, мени катыштырбай койгон. Ал аз келгенсип тыйынымды кайтарганга шашкан эмес. Ал байке экөөбүздүн жеке мамилебиз болчу. Ал киши жеке мамилени жумушка аралаштырып, өчөшкөн ырчыларынын клиптерин өткөрбөй коёбу? КТРК салык төлөп жаткан элдикиби, (ошонун ичинде мен дагы салык төлөйм) же продюсердин менчик каналына айланып кеткенби? Эмнеге бардык талаптарга жооп берген клиптерибиз каналга өтпөй калууда? Мен бул нерсеге нааразымын жана каршымын. Бир адам канча жылдан бери өз билгенин жасап, Коомдук каналына ээлик кылып, менчигине айландырбасын. Пикирибиз келишпей калса ал жеке мамиле. Менин интернет жетпеген күйөрмандарым бар, алар да көрүшүн каалайм", - деген билдирүү калтырган.

Окуя тууралуу ырчы мырзага кайрылганыбызда, ал күйөрмандары клиптери "эмнеге Коомдук каналдан көрсөтүлбөй жатат?" деп көп сурашарын жана акыркы клиби элге жагып, жакшы пикирлер жазылып жаткандыктан себебин айтууну чечкенин билдирди.

Дайырдын окуясы боюнча Коомдук каналдын көркөм кеңешинин төрагасы, "Маалымат" студиясынын продюсери Мирлан Самыйкожо төмөнкүдөй комментарий берди.

"Көркөм кеңеш жума сайын келген клиптерди карап турат. Бизге бир келгенде 30-40 чакты клип келет. Арасында кайсы өттү, кайсы өтпөгөндүгү тууралуу протокол түзүлүп, Музканалга берилет. Биз ошол тууралуу маалыматты гана айта алабыз", - деди Көркөм кеңештин төрагасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(22)
21.01.2020. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ушул Мирлан Самыйкожо....Эптеп-септеп тарткан,ыры мээнди жей тургандарды,чала ырчыларды ушинтип жок кылгылачы.....
21.01.2020. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ушу ырчымын дегендер койсонор э, силердин клип ырларынар жакса эл оздору эле издеп корот. А то ТВдан саат сайын берип жадатты.
21.01.2020. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Дайыр негизи чийки ырчылардын атаманы да. Муз каналга отпогон ырчыларга торага болуп алып озунчо канал ачып ал боолду. Лишний раз эч кимге обида кармаба эркек бол!
22.01.2020. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
rysik79, [moderated]да ар ким озу канал ачып алып баланча миллион просмотров болду деп,оздорун Витас сезип атышат
mela түзөттү 2020-01-22 00:03:56
21.01.2020. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ктрк болбой калган жанылыктары бут эле бийликти мактоо,спорт канал болсо элге жаккан футбол корсотпой эски бир нерселерди берет,телевизордун заманы бутуп баратат.
21.01.2020. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Негизи начар эле карайт менин оюмча корком кенеш, болбосо азыркы ырлардын созуно, мазмунуна биз эмес ырчылар оздору деле тушунбосо керек. Дун дун болсо болду. Жакшылап караса 60-70 % ырлар отпойт.
21.01.2020. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ырдай албагандардыкын деле коюп жатышпайбы.
21.01.2020. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Негизи мен Дайырдын ырдаганына ичим чыкпайт, үнү деле жеткиликтүү эмес. Бирда ырын укпайм. Бирок ктр калыс болушу шарт. Жеке тирештерин ишке аралаштырбай чыныгы элдик калал болуусу шарт. Мурда АлМастын артын 6 жыл жалады эле эми сокенин.
21.01.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Клиптин мааниси күчтүү болсун, бала жок деп эле ажыраша бербесин деген мааниде тартканбыз дейсиң. Ошондой үлгүлүү болсоң сен өзүң эмнеге ажыраштын балаң бар туруп. Бала торолдубу ата эненин мамилесинин топ келишине карабайт да силер өзүңөр аракет кылышынар керек бала үчүн жашайлы деп. А Мирлан кожо өзү начар кичи мен айтыштарда дагы көп көрөм ар кимге тартып турат бир казакка бир кыргызга. Идирис айтпаев казак менен айтышканда казакка тартып көзүн кысып койгон [moderated]тан көрсөңөр болот
21.01.2020. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Үнү жок болсо дагы аракеттенип иштеп жаткан азаматты эч ким айтпайт го. КТРКда мындай нерселер болбош керек
Nurgazy80 түзөттү 2020-01-21 19:34:39
21.01.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде чон боло алышпайт,чон болгонду коро алышпайт.корком кенеш болбойт дедиби демек болбойт да.Кичине баш ийгенди да уйронолу.Озбектердей болуп ар бир ырчыга лицензия бериле турган болгондобу Самыйкожону тытып эле кетмек.
21.01.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Музыка канал өзү такыр болбой калган Дайырдын ырын мааниси жок десе муз каналдан кетип жаткан мааниси жок ырлар жарым жылаңач кыздарды кантип чыгарып атты экен
21.01.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Процент берген аялдардай болбочу.Отподубу демек жаккан жок. Ар ким оз ордун билсе.
21.01.2020. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сапатуу чыгарсан океандын ары жактагылар да корсотот сени
21.01.2020. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Chungyz,ооба, Димаш Кудайбергеновду деле өз убагында барктабай коюшкан экен, Кытайга барып, эки жака конкурстарга катышып атып, эми эмне деген атак даңкка жетип, океандын аркы бетин багындырып атпайбы
22.01.2020. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол музыка каналдын деректиринин,анда иштегендердин,комиссиясынын,продюсерлеринин,Мирлан Кожосунун баштарына байпагым!Музыка каналды нормальный отуруп коро албайсын ата-эне семьян менен,жарым жыланачтанган кыздар,сексуальный клиптерди,обушкон сорушкан клиптерди коп бересинер,башынарга байпагым!
22.01.2020. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
КТРКда өзү изденүү деген нерсе жок воопще көрүп отуруп зеригип кетесин.Клип аябай сонун болуптур ,маанисин түшүнгөн адамга.
22.01.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анан акчуч беле же чучкурук беле ошого окшогон ырлар кантип отуп жатат корком кенешинен
22.01.2020. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
П.з..ц
22.01.2020. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дайыр эле эмес,ушуга окшогон эптемейлердин 70%ин киргизбеш керек андай каналдарга
22.01.2020. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дайыр сен башкаларды тарбиялагандан мурда озундун аялын менен баланды таштабай тарбияласан жакшы болмок.
25.01.2020. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жазайын деген создун баарын жазып коюпсунар уже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: