"Кыргыз автобекети" ишканасынын директору Максат Жумабаев: "Эмгек мигранттары үчүн санариптештирилген маалымат борбору ачылды"
Эмгек мигранттары үчүн санариптештирилген маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда "Кыргыз автобекети" ишканасынын директору Максат Жумабаев билдирди.
"Биздин автобекеттин эл аралык каттамдар боюнча жүргүнчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары. Ал жарандарыбызга шарт түзүү максатында Батыш автобекетинин күтүү залында маалыматтык борбор ачылды. Бул борбордон эмгек миграциясына кетип жаткан жаран, акысыз маалымат жана консультация алганга укугу бар. Маалымат борбору жуманын төрт күнү, экинчи күндөн башка күндөрү иштейт. Иштөө убактысы саат 09:30дан 18:00гө чейин болот. Бул жактан жарандардын кара тизмеден өздөрүн текшерип, укуктук жактан дагы консультация алууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле барган жеринен кандайдыр бир окуяларга, татаал кырдаалдарга туш болуп калса, барган жерден акысыз маалымат, консультация алуу үчүн координаталар берилет. Эгер жаран Орусияга бара жатса, анда ал жактын эмгек мыйзамдары тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле чет жакта кандай жүрүү, каттоодон кантип өтүү керек деген сыяктуу маалыматтар берилет", - дейт Максат Жумабаев.



