Сокулукта кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Дагы 7 адам ооруканада



Чүйдүн Сокулук районунда Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Accord унаалары сүзүшүп, 3 адам каза болуп, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 21-январь күнү таңкы саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда болгон.
"Эки унаа карама-каршы тилкеде келе жатып сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил унаадагы 3 адам каза болуп, дагы эки жүргүнчү жаракат алышкан. Ал эми Mercedes-Benz Sprinter унаасынан 5 адам жабыркаган. Алар Сокулук райондук ооруканасына жаткырылды. Бул кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - дешти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.