Чүйдө ата-энеси жана бир тууганы иске ууланып каза болуп, аман калган 14 жаштагы өспүрүм өз алдынча дем ала баштады
Чүй облусунун Жайыл районунда иске ууланып каза болгон үй-бүлө мүчөлөрүнөн аман калган 14 жаштагы өспүрүм өз алдынча дем алып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова билдирди.
"Өспүрүм учурда комада. Буга чейин ал атайын аппарат менен дем алып келсе, азыр өзү дем алып калды. Бирок эсине келе элек", - деди ал.
14-январь күнү Жайыл районундагы айылдардын биринде 4 адам ууланган. Дарыгерлер 3 адам каза болгонун аныктап, 14 жаштагы өспүрүмдү ооруканага алып келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.