super.kg logo

Австралиянын аба ырайы дагы көңүл чордонунда. Акыркы эки күн ичинде кумдуу бороон каптап, мөндүр жаады

 

Австралиядагы туруксуз аба ырайы дагы дүйнөнүн көңүл чордонунда. Акыркы эки күн ичинде алгач кумдуу катуу бороон жүрүп, андан соң гольфтун тобундай болгон мөндүр жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 2 күн аралыгында куткаруу кызматына 1200дөн ашык жаран жардам сурап кайрылышкан. 2 киши алган жаракатынан улам дарыгерлердин жардамына муктаж болгон. Биринчи күнү шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жетип, катуу бороондон кумдар бийиктикке чейин көтөрүлгөн. Ал эми кечээ, 20-январь күнү Түштүк Уэльс жана Австралиянын шаардык аймагында катуу мөндүр жааган. Көлөмү гольфтун тобундай болгон мөндүр имараттарга жана автоунааларга зыян келтирип, бак-дарактарды талкалаган.

Эске салсак, жарым жылдан ашуун Австралиянын токойлорун өрт каптап, жалпысынан миллиарддан ашык жандык күйүп кеткен. Өткөн аптада ал аймакта жаан жаап, жергиликтүү тургундар кубанган видеолору интернет айдыңына тараган.






Австралияны бороон каптап, мөндүр жаады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.01.2020. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринин шымы биринин көйнөгү жок.Бул апаат кырсыктар Жараткандын эскертүүсү!
21.01.2020. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озунду билчи апаатсыз эле 4-5 тен олуп жаткан элинди ойлочу,бироонун ыштанына коз салбай! Кошунан тынч озун тынч! Дуйнодо тынчтык болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: