super.kg logo

Орусиялык ырчы Ольга Бузова Инстаграмдагы катталуучуларынын көптүгү боюнча рекорд койду

 
Ольга Бузова
Хабиб Нурмагомедов
Тимати
Егор Крид

Орусиялык ырчы жана алып баруучу Ольга Бузова Инстаграмдагы катталуучуларынын санынын көптүгү боюнча рекорд койду. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазышууда.

Ал туулган күнүнүн урматына өзүнүн аткаруусундагы жаңы ыры жарык көрө турганын айтып, пост жарыялаган. Андан кийин анын аталган социалдык тармактагы катталуучуларынын саны 19 миллиондон ашып өткөн.

Мындай сандагы катталуучу азыркы учурда орусиялык шоу-бизнес өкүлдөрүнүн биринде дагы жок.

Ал эми катталуучуларынын көптүгү боюнча экинчи орунду мушкер Хабиб Нурмагомедов камсыздап келет. Нурмагомедовго кызыгып, анын баракчасына жазылгандардын саны 18 миллион 400 миң адамды түзөт.

Мындан сырткары, Тиматинин 14 миллион 500 миң катталуучусу бар, блогер Настя Ивлеева 14 миллион, алып баруучу Ксения Бородина 13 миллион 600 миң, ал эми музыкант Егор Крид 11 миллион 600 миң катталуучусу менен алдыда келе жатат.

Ал эми чет өлкөлүк эң популярдуу, катталуучусу көп жылдыздардын сап башында португалиялык футболчу Криштиану Роналду турат. Анын учурда аталган социалдык тармакта 198 миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Андан кийин ырчы Ариана Гранде (172 миллион), актер Дуэйн Жонсон (169 миллион), ырчы Селена Гомес (166 миллион) жана Ким Кардашьяндын (157 миллион) катталуучулары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.01.2020. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чет элдиктерди жазгандан кийин өзүбүздүн Кыкеңдерден да кошуп койчу адатынар бар эле го,Өзүбүздүн Самашты(Самара Каримова)эмне кошбодунар 1 млн подписчиги менен.
22.01.2020. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хабиб Бузовадан отту эле Конор менен мушташканда,эми Бузова кайра отуп кетиптир да.Фергю
22.01.2020. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде миллион подписчикке той береттер а
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: