Жактоочу: "Атамбаев кийинки соттук процесстерге катыша берсе болот"
Бүгүн, 21-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү. Отурум жабык эшик артында болду. Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышты. Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин бул процесске дагы катышпаганын анын жактоочулары айтышты.
Соттук отурумдан чыккан жактоочу Сергей Слесарёв эгер Атамбаевдин өз каалоосу болсо, сот аны четтеткенине карабай, кийинки отурумдарга катыша берсе боло тургандыгын билдирди. Мындан тышкары, жактоочу ишке төрагалык кылган сот жактоочуларга ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтты.
"Соттук процесстин жүрүшүндө ишке төрагалык кылган сот көп жолу жактоочу тараптын өз ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоол болуп жатты. Алсак, процессте сот өтүнмөлөрдү келтирүүгө уруксат бербей жатты. Мыйзам боюнча процесстин бардык катышуучулары, анын ар бир статьясында өтүнмө келтирсе боло берет. Ошондой эле сот жактоочудан сүйлөбөстөн, отуруусун талап кылып жатты. Мыйзамда төрагалык кылган сотко карата нааразычылыктар болсо, ал протоколго киргизилиши керек. Бирок андай болгон жок. Анын ордуна жактоочунун айткан эскертүүлөрү протоколго жазылды. Жыйынтыгында соттук процесс жактоочунун, тактап айтканда, менин сот процессинин эрежелерин бузгандыгыма байланыштуу токтотулду", - дейт жактоочу.
Буга чейин УКМКнын имаратында өтүп келген соттук отурум, 23-январдан баштап Биринчи Май райондук сотунун имаратында өтөрүн жактоочулар билдиришкен.

АШАны коюп Сооронбай өзүн карап алсын. Сооронбай АШАнын колдоосу болгон үчүн багы ачылып кетти го. Сооронбай келип эмнени жыргатты. Бүт баарын бүлүндүрүп бүттү. Сокеден өткөн мыкты адамдар бар эле. АШАнын чоң катасы болду. Сооронбайды колдобош керек болчу. Азыркы Сокенин сасыган саясаты элдин кыжырын күн сайын келтирип жатат. Жакында СОКЕ кетпесе оңолбойбуз.