super.kg logo

Орусияда Кыргыз жараны кармалды. Ал жети жарым жылдан бери издөөдө жүргөн

 

Орусияда 7 жарым жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргыз жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын январь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Москва шаарынын Ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүлөрүнүн жардамы менен кылмыш иш-аракеттери үчүн өлкө аралык издөөдө жүргөн жарандын аты-жөнү такталып, жашаган жери аныкталган. Анда Чүй облусунун 1995-жылы туулган тургуну Б.Р. Ленин РИИБинде 131-берене "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" менен кылмыш ишинин негизинде издөөдө жүргөн.

"2012-жылдын сентябрь айында Б.Р. аттуу жаран мыйзамга каршы келүүчү иш жасаган, тергөө учурунда ага карай жаза өтөө чарасы жеке кепилдик менен тандалган. Тергөө иштери бүткөндөн кийин иш сот органдарына өткөрүлүп берилген, бирок кылмышкер жеке кепилдик шарттарын бузуу менен сот процессине келбей койгон. Ушундан улам Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук соту 2013-жылдын июль айында алдын ала эскертүү чарасын өзгөртүп, издөөгө берген. Издөө учурунда издөөдө жүргөн жаран 2017-жылдын декабрь айында Орусиянын жарандык паспортун алганы белгилүү болгон. Азыркы учурда шектүү Орусия жарандыгын алгандыгынын чоо-жайы текшерилүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.01.2020. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылмыш кылса жазасын алсын !бирок чиновниктер мурда кылмыш кылган болсо кылмыш мооноту эскирип кети деп кыскартып коюшатго же чиновнике башка карапайым элге башка мыйзам иштейбии ошону мага тушундуруп бергилечи же мен мыйзамды жакшы билбеймби?
22.01.2020. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamchatka,10 жыл болсо эскирип кетет
22.01.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
карапайым калк болсо кыдырып журуп табасынар, Бакиев, Усеновдорго окшогон май баштарды кармай албайсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: