super.kg logo

ЖЭБ иши: Бишкек шаардык сотунда жактоочулардын аппеляциялык даттануулары каралууда

 

Бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат.

Сотко Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев келди. Ошондой эле отурумдун катышуучуларынын арасында мурдагы экс-мэр Кубанычбек Кулматов дагы бар.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген. "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.01.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канчалык Сапар жана анын командасын ак кылып көрсөтүүнү каалабагыла баары бир алар коррупцияга барган. Муну Сапар Исаков өзү деле танбайт. Атамбаевдин көп акча алганын айрым маалымат каражаттарына айтып бериптир.
22.01.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
СМЕС компаниясы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоону 325 млн долларга бүткөрүп берүүнү сунушташкан. Бирок, А. Атамбаев, Ж. Сатыбалдиев жана С. Исаков өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жеке компания ТВЕАны тандашкан. ТВЕА 386 млн долларга реконструкция кыла турган болгон.
22.01.2020. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болсо да ТЭЦтин жарылып,кыштын кунундо элдин тонгону ыраспы-ырас,текшергенде бир кычкач 600$ турганы ыраспы-ырас, музейдеги жыгач эшектер ыраспы-ырас,мен лично озум козомолдойм дегени ыраспы-ырас. Билбедим коррупциянерлер жоголсун,камалсын деп ызылдап алып анан камалса,жазасын алса, бийликти сындап, ызылдап жатып калабыз. Не деген калкпыз озу.
22.01.2020. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар 111 млн доллар кана?
22.01.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул акмакты Кышында ТЭЦтин кочагаркасында комур ташытып иштетиш керек. Кышында ушугондо кором элдин акчасын жеген кандай экенин.
robot111 түзөттү 2020-01-22 11:48:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: