super.kg logo

ЖЭБ иши: Жактоочу: "Сапар Исаковду процесске катышууга көндүрдүк"

 

Бүгүн, 22-январда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралып жатат. Ага Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова жана "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев келди.

Буга чейинки отурумда соттук процесстерге катышпайм деген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду жактоочулары катышууга көндүргөнүн Замир Жоошев билдирди.

Отурумдун жүрүшүндө аппеляциялык даттануулары боюнча жүйө далилдерин негиздеп жаткан жактоочу Замир Жоошевди судья: "Даттануу боюнча лицензияны жактоочу Нурбек Токтакунов тапшырган, андыктан сиз азыр жүйө далилдериңизди келтирүүгө укугуңуз жок", - деди ал. Мындан кийин сөздү башка жактоочуларга тапшырды.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата чечим чыгарган. Анда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга соттолсо, депутат Осмонбек Артыкбаев менен мурунку финансы министри Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдун жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан. Ал эми "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов "коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылган.

Соттук ишке Ирина Воронцова төрагалык кылууда, ал эми соттук коллегияда Нурбек Эсеналиев жана Нурлан Кожомбердиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.01.2020. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Балким Сапар Исаков Нурбек Токтакунов сыяктуу жактоочунун айынан түрмөдө отургандыр.
22.01.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
«Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген макалды Сапар Исаков далилдей баштады. Ал мындай аракеттерин «кожоюну» Атамбаев суракка баруудан, андан кийин сот процессине баруудан баш тарта баштагандан бери жасай баштады. Кыязы, ал ушундай жол менен арамзаланып отуруп жоопкерчиликтен кутулам деп жатса керек.
22.01.2020. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
robot111,
Ушул Сооронбайдын “жомогуна” ким ишенет эми? Бугунку соттор Сооронбайдын туугандарын, жакындарын коргоп жатканы калппы?Факты керек, факты - деп олтурат. Сапар Исаков фактысы жок эле ак жеринен камалып олтурат. Соке жүргөн жерде чөп чыкпайт. Сооронбай Жээнбеков өзү камалыш керек. Ишин кыйратпаган Соке интрига менен алек. Атамбаевтин аркасы менен бийлике келип алды го. Болбосо Сокенин элдин көрөюн деген деле көзү жок болчу.
Kairat1996 түзөттү 2020-01-22 13:34:42
22.01.2020. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар эрке бала болуп алыштыго, барбайм деп, соттор кой келип койчу деп кондуруп. Элден бир жери ашыкчабы булардын? Башка бироо болсо колун кайрып келип эле 1 кундо соттоп жибересинерго
22.01.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон иш кылыпсынар Жоошев))) браво))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: