super.kg logo

Ат-Башы районуна логистикалык борборду ким курат, аянты канча, кимдер иштейт? Маалымат берилүүдө

 

Бүгүн, 22-январда Бишкек шаарында Нарын облусунун Ат-Башы районуна ири логистикалык борбордун курулушу жөнүндө маалыматтар берилүүдө. Ага Аскар Салымбеков баштаган бир катар ишкерлер жана Нарын облусунун аксакалдары катышууда.

Логистикалык борбордун курулушунда кыргыздардын өкүлү болгон Эмил Абдыкадыров бул борборго кожоюн катары Кытайдын жараны жана өзү катталганын айтты. Жалпысынан борбордун курулушуна 200 гектер жер аянты бөлүнгөн.

"Бул борбордун кыргыздын экономикасы үчүн мааниси өтө чоң. Бобордук Азия мамлекеттеринде мындай борборлор курулуп, 8-9 жылдан бери үзүрлүү иштеп жатышат. Буга чейин өзүбүздө каражат жок болгондуктан, инвесторлорду тарттык, табылды. Кытай инвестиция кылганы турат. Инвестор азыр 280 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты. Бул акча логистикалык борбордун жалаң инфраструктурасына жумшалат, жол, суу курууга керектелет.

Жалпы 200 гектардын 80 гектары өндүрүшкө жумшалат, 10 чакты завод-фабрика курулат. Жалпы завод, фабрикаларды курууга 1 миллиардга жакын доллар керектелет, буга да инвестиция тартуу керек", - деди ал.

Эмил Абдыкадыров социалдык тармактарда бул жер аянты башка улуттарга берилип кетти деп жазылган комментарийлер боюнча да түшүндүрмө берди.

"Мамлекет бул аймакты заводдук-экономикалык зонага бөлүп берди, биз аны ижарага гана 49 жылга алдык.

Логистикалык борборго жумушка көбүнчө кытайларды алат экен деген кептер боюнча да айта кетейин, келишим боюнча 20 пайыз инвестиция кылган тарап, 80 пайыз жергиликтүү эл ишке орношот. Бирок Кытай тарап жумушчулардын 5 пайызын гана түзөбүз деп жатышат, алар көбүнчө тармак боюнча адистер болушат. Азыр жумушчулардын тизмеси такталууда, жергиликтүү адамдардан 700 киши иштейм деп кайрылды.

Борбор курулуп, ишке кирсе 10 миңден 15 миңге чейин адам жумуш менен камсыз болот. Азыр мигрант болуп башка өлкөдө иштеп жүргөндөргө жумуш орун түзүлөт", - деди Эмил Абдыкадыров






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
22.01.2020. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайдан башка инвестор издегиле, ансыз деле олкобуздо кытай толуп кетти. Чыгара албай убарабыз. Жумушчу кучунун 5-20 пайызын эле кытайлар тузот деп элди алдабагыла. Кыргыз элинин башына тоодой балээни жыйбагыла. Мындай ишти эл душманы кылат.
22.01.2020. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нарынга барып жашап көргүлөчү анан билесиңер,кытайдан башка эч ким келбейт.
22.01.2020. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге андан пайда деле тушпойт, жерибизге деле пайда тушпойт, ал акча мамлекетке деле тушооруно козум жетпейт, чондорубуздун эле чонтогуно тушот го ал акча. Андан коро жон турган жер тура берсин, курулбай эле койсун!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: