super.kg logo
  Спорт  

Гүлжигит Алыкулов Казакстандын "Кайрат" футболдук клубуна өтөрү айтылууда

 

Кыргыздын келечектен көптү үмүттөндүргөн футболчусу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубуна өтөрү айтылууда. Мындай маалымат "Kyrgyz footbal" деп аталган Инстаграмдагы баракчада жазылып, учурда талкууга алынууда.

Анда жазылганга караганда, Гүлжигит Алыкулов менен аталган клуб сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда келишимдин шарттары тууралуу макулдашкан. Жакынкы аралыкта клуб трансфердик маселени чечип, андан кийин футболчунун клубга өткөнүн расмий кабарлашат деп айтылат.

Бул тууралуу футболчунун агасы Манас Алыкулов азырынча эч нерсе айта албастыгын жана эртең толук маалымат берилерин SUPER.KG порталына билдирди.

Гүлжигит Алыкулов Беларустун "Неман" клубунда 2019-жылдын март айынан баштап ойноп келген жана "2019-жылдын мыкты футболчусу" наамына татыган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын "Жылдын супер футболчусу" наамын жана Кыргыз футбол федерациясынын "Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" сыйлыгына татыган.

Белгилей кетсек, "Кайрат" футболдук клубу Казакстандын Жогорку Лигасында ойноп келет. Клуб өз тарыхында 2 жолу Казакстан чемпиондугун, 9 жолу Казакстан Кубогун жана 2 жолу Казакстан Суперкубогун жеңип алган. Буга чейин Алыкулов ага "Кайрат" футболдук клубуна чакыруу түшкөнүн жана күчтүү Лигада ойноо үчүн ал жактан баш тартканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
22.01.2020. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Европа клубдары менен келишим тузсон жакшы болмок иним... сабыр кылып турсан чакыруу келип калаар буйруса...
22.01.2020. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса европа деле качпайт Гулжигитибизге оомат каалайм!
22.01.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайрат Лига чемпионов болбосо да Лига Европага часто катышып турат.Жакшы оюн коргозуп ошондо деле Европанын скауттарынын козуно илешсе болот
22.01.2020. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Барсага эле барып ойной берсен боло зачем Кайрат ? )))
23.01.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгого ойносон да ушу какендерге ойнобой эле койсон болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: