super.kg logo

Фейк маалыматтар көбөйдү! Коронавирус тууралуу билип коюшуңуз керек болгон 6 факты

 

1. КОРОНАВИРУС ДЕГЕН БУЛ ЭМНЕ?

Коронавирустар - бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо "таажы сымал вирустар" десек болот. Вирустун түзүлүшү таажыга окшош. Коронавирус биринчи жолу тээ 1965-жылы ринит оорусу өтүшүп кеткен адамда аныкталган.

Көрүнүшүнөн таажыга эмес, бир карасаңыз, суу алдындагы кемелерди кыйратуучу деңиз миналарына окшошуп кетет.
2019-nCoV - бул жогорудагы коронавирустардын түркүмүнө кирет жана аталган аталыш Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан белгиленген.

2. БААРЫ КАНТИП БАШТАЛДЫ?

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Хубэй провинциясына караштуу Ухан шаарында сасык тумоого эле чалдыгып калгандай ооругандар каттала башталган. 31-декабрда кытай медиктери 44 бейтаптын симптомдору бирдей экенин, анын 11инин абалы оор экенин айтышкан. Бирок оорунун козгоочусу белгисиз болуп, бул аралыкта сырдуу тумоого чалдыккандардын саны көбөйө берген. Ал эми бул оорунун биринчи өлүмү 9-январда катталган.

Ооруга чалдыккандардын алгачкылары дал ушул сүрөттөгү балык базардын сатуучулары жана кардарлары болгон.
Коронавирустар түркүмүнө кирген вирус экенин аныктоо кечеңдегендиги - бул аталган вирустар адамдарга эмес, көбүнчө жаныбарларга жугары да болгон. Анткен менен кытай медиктери өтө кыска убакыттын ичинде вирусту аныкташканы баса белгиленүүдө. Адатта вирусту аныктоо буга чейин 1 жылга чейин убакытты алып келген. Ал эми кайсы жерден баштап тарагандыгы тууралуу Ухан шаарындагы балык базары деген версия учурда чындыкка жакын болуп жатат. Ооруга чалдыккандардын алгачкылары ошол базардын тынбай барып турган кардарлары же ошол базарда иштеген сатуучулары болуп чыккан. Вирустун кайдан келип чыкканы тууралуу расмий маалымат дале коомчулукка айтыла элек. Божомол иретинде жарганат менен жылан деген версиялар бар.

Вирус жарганаттан келип чыккан деген версия бар. Кытайдын Хубэй провинциясында жарганаттан жасалган шорпо улуттук тамактардын бири болуп саналат.
3. ООРУГА КАРШЫ КЫТАЙДА КАНДАЙ КҮРӨШ ЖҮРҮП ЖАТАТ?

22-январь күнү 11 миллиондон ашуун калкы бар Ухан шаарынан чыгууга тыюу салынып, андагы аэропорттор жана темир жол станциялары жабылды. Коомдук транспорттун да жүрүшү токтотулган. Шаардын тургундарына маска кийүү жана эл топтолгон жерлерден алыс болуу кеңештери берилген. Ушул сыяктуу эле чаралар Ухан шаарына жакын жайгашкан башка шаарларда да көрүлө баштаган. Жалпы Хубей провинциясында жашаган калктын саны 60 миллион кишиден жогору.

Шаарда карантин жарыяланары менен тургундар азык-түлүк
дүкөндөрүн "тазалап" коюшкан.


4. КЫТАЙДАН БАШКА ДАГЫ КАЙСЫ ӨЛКӨЛӨРДӨ ООРУ КАТТАЛУУДА?

АКШ, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Сингапур, Вьетнам, Австралия, Франция, Малайзия, Непалда катталды. Аталган өлкөлөрдө катталган оорулуулардын баары Ухан шаарынан келгендер болуп чыккан. Кытай менен аба каттамдары аркылуу байланышы бар өлкөлөр аэропортто керектүү текшерүүлөрдү киргизишкен.
Кыргыз өлкөсү дагы бул абалга карата чара көрө башташты.

5. ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ ЖАНА АЛ ДАРЫЛАНАБЫ?

Аталган оору куу келери дал ушунда, анын белгилери кадыреседей эле. Кимдир-бирөөнүн дене табы жогоруласа, кайсы бирине дем жетпегендей болуп, жөтөлүп, тамак оору сыяктуу болуп сезилет. Мындайча айтканда, дарттын биринчи белгисинде ал ОРВИге (курч респиратордук вирустук инфекция) же кадимки эле сасык тумоого окшош болушу мүмкүн. Башында адамдан адамга жукпайт деп жатышкан, бирок 20-январда ооруга чалдыккан адамга жакындасаңыз, жугуп калышы ыктымал экендиги аныкталды. Ушул күнгө карата коронавируска багытталган атайын дарылануу жок. Учурда вакцина иштелип чыгууда.

Ушул күнгө карата коронавируска багытталган атайын дарылануу жок.
6. КАНТИП ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ КЕРЕК?

Саламаттыкты сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмунан төмөндөгүдөй кеңештерин берет:

- Колду тез-тез самындап жууп туруу же антисептикалык каражаттар менен колду тазалап туруу;

- Этти, жумуртканы колдонуудан мурун жууп, көп убакытка чейин кайнатуу;

- Жаныбарларды кармоодо, мал азыктарын жегенде этияттык кылуу;

- Жөтөлүү жана чүчкүрүүдө мурунду бет арчы менен жабуу, жөтөлгөн жана чүчкүргөн адамдардан алыс болуу.

26-январга карата коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 2 миңден ашты, ал эми каза болгон кишилердин саны 56ны түзөт.

Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(18)
26.01.2020. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ачкадан олчудой болуп ушул кытайлар тажатты алдына келгенди жей берип Оздору гана азабын тартса болмок. Жегендин да чеги болотда!
Samatalibei түзөттү 2020-01-26 19:54:22
26.01.2020. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматту админ жанагы Таластан табылган илбирс жонундо малымат берсениздер
26.01.2020. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эң алгач Францияда аныкташыптыр го? Кытай жараны Ухань шаарынан Парижге келген студент экен эле.
26.01.2020. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин окмот элден сунуштап атыптыр кытайга барбагыла деп.Бир жерди сатыш керек болсо элге сунуштабай сатасынарго,чегараны авиакаттамдыда элге сунуштабай еле жаап таштагила
26.01.2020. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Австралиядагы жаныбарлар күйүп кеткиче ушу кытайлар күйүп кетсе болмок экен!
26.01.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Авиякаттамын даны токтотуп турушу керек ,Эгер Кыргызстана бул балээ келип калса эптей албай калышат анан.
26.01.2020. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Балекеттин баарын жейт оңбогон кытай өздөрү эле тартса экен азабын
26.01.2020. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кудай сактасын ооруунун жакшысы жок
26.01.2020. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул оорунун артында Американын кызыкчылыгы бар, АКШ Кытай соода согушунун бир версиясы. Вирус дагы максимум эки уч айга барып токтошу айтылды. Американын колунан эч жакшылык келбеси даана корунду. Бир чети майда жандык жеген кытайга чон сабак болду, сурамжылоодо дээрлик бардыгы жылан сыяктуулардын этин башка жебешин корсотушкон.
26.01.2020. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksh taratyshy mumkun bul 1variant/ Emi bul virus kinodoguday bolupketpesele boldu ABITEL ZLA
26.01.2020. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайдан ашпасын.
27.01.2020. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар балеени жешет анан ооруйт да конечно осминогдон отүп тараканына чейин а между прочим они тоже хотели жить так как вы пытаетесь сейчас не умереть за все придется ответить
27.01.2020. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул вирус эмей эле кытайдын кезектеги акча бизнес оюну!
27.01.2020. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жиркеничтуу калктда, бар балакеттин баарын жешет.Оорулары оздорунон ашпасын, чек араны жаап салыш керек. Кытайга тийген кыздарга тан каламда кантип жашайт болду экен деп, миллион берсе да тийбейт элем)))
bema_bema түзөттү 2020-01-27 02:48:39
27.01.2020. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фейсбук ватсап инстаграммдагылар, ушакчы болуп бүттүңөр го! Мейли аялдар ушаксыз скучно, эркекке окшогондорго не жок?! Бир Кыргызстанда, бир Россияда, бир Казакстанда бар экен, бизге айтпай жатышат жегенде күйбөгөн жериң күйөт да. Караңгылар ишенип алып паника кыла беришет. Адам болгулачы!
27.01.2020. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жери жарылып кытай кирип кетсе экен жердин тубуно
27.01.2020. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым озу сактасын!
27.01.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар, адам болгула! Ар бир инсандын жашоосу баалуу. Кытайды да Алла таалам жараткан. Болуп жаткан иштер, Кытай элине чон сыноо, муну экономикалык согуш катары бааласа болот. Эгер ВОЗ Кытайды эпидемияны башкара албай калды деген тыянака келсе, Кытай блокадага дуушар болот, ал жактан товар кирипда, чыкпай да калат. Кыргызстанды коптогон соода-байланышы Кытай менен. Кыргыздын кийген-чычканынан бери "кытай", ошондуктан аманчылык тилейли. Кошуна элибиздин сыркоосу айыксын.
Tolik777 түзөттү 2020-01-27 14:46:34
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: