super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз суучулу Денис Петрашов Швейцарияда өткөн эл аралык мелдеште күмүш байгеге ээ болду

 

17-19-январь аралыгында Швейцариянын Женева шаарында өткөн сууда сүзүү боюнча CIG Challenge эл аралык мелдеште Кыргыз суучулу Денис Петрашов күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымат таратты.

Брасс ыкмасы менен сүзүүдө 200 метр аралыкта 2 мүнөт 15,19 секунд көрсөткүчү менен спортчу марага экинчи болуп келди. Мындан тышкары, Петрашовго брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 жана 100 метр аралыктагы мелдеште ийгилик жылмайган жок, анда ал жетинчи жана төртүнчү болуп келди.

Суучул жана анын башкы машыктыруучусу Евгений Петрашов Женевага 16-январдан 20-январга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн. Аталган дирекциянын бюджетинен 171 миң сом каралган.

Денис Петрашов "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына биринчи жолдомону уткан кыргыз спортчусу. Кийин экинчи лицензияны да утуп алган. Олимпиада оюндарында ал брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча 100 жана 200 метр аралыгында мелдешке катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
22.01.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец,ушудан бир нерсе чыккыдай
22.01.2020. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дежурныйларды эле кайра кайра чыгара бербей Кыргызстандын намысын коргогондорду кобуроок чыгарсанар.Денисти чакырып интервю алсанар болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: