super.kg logo

Ошто жасалма акча таратууга аракет кылган чет элдик жаран кармалды

 

Ошто жасалма акча таратууга аракет кылганга шектелип, чет элдик жаран кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, январь айынын башында милиция кызматкерлерине ири суммадагы жасалма акча таратууга аракет кылган кылмыштуу топ тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факт дароо Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 225-берененин 2-бөлүгү (ири суммадагы акчаны же баалуу кагазды жасалма жол менен жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип, 30 жаштагы коңшу өлкөнүн Б.З. аттуу жараны кармалды. Кармалган учурда анын жанынан 100 доллар номиналындагы 5 купюра алынган. Шектүү акчаны бут кийимине катып жүргөн. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, купюралар жасалма экени аныкталды.

Чет элдик жаран Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттун чечимине ылайык камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши улантылып, бул ишке катыштыгы бар башка жарандар дагы изделүүдө", - деп кабарлашты маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
22.01.2020. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мм не Озбек баягы эле анан....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: