Депутат Каныбек Иманалиев чек ара маселеси: "Кээ бир маалыматтардын зыяны да, пайдасы да тийип калышы мүмкүн". КҮНСОБОЛ
14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өтүп, жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Анда тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик вице-премьерлери чек ара боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактооо тууралуу бир пикирге келишкен. Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кээ бир маалыматтардын зыяны да, пайдасы да тийип калышы мүмкүн деген пикирде. "Бул улуттук кызыкчылыкка байланыштуу да. Улуттук, мамлекеттик кызыкчылыкка байланыштуу маалыматтын кээде зыяны да, пайдасы да тийип калышы мүмкүн. Кээ бир маалымат журналисттер үчүн пайдалуу, бирок Кыргыз мамлекети үчүн пайдасыз болуп калышы ыктымал. Ар бир өлкөнүн өзүнүн купуя сыры болот. Элге маселенин чечилишинин жыйынтыгы керек. Коңшу өлкөлөр сүйлөшүүнүн жүрүшү боюнча ачык маалымат беришпейт. Чек ара маселеси этияттыкты талап кылат", - дейт Иманалиев.

