super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Бекназар Айталиев: "Чек ара боюнча маалыматтар ачык-айкын болушу керек". КҮНСОБОЛ

 

14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өтүп, жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Анда тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик вице-премьерлери чек ара боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактооо тууралуу бир пикирге келишкен. Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи?" деген собол салды.

Жарандык активист Бекназар Айталиев чек ара боюнча маалыматтар ачык-айкын болушу керектигин белгиледи.

"Жакында эле чек ара маселеси боюнча Кыргыз-Тажик вице-премьер-министрлер жолугуп, 6 протоколго кол коюшту. Ошонун бир бөлүгүндө чек ара боюнча маселе такталып бүткөнгө чейин маалымат каражаттарына маалымат чыгарбайбыз деген чечимге кол коюшту. Жашыруун бир жерлер кетип калышы мүмкүн. Бул маселени жергиликтүү калк менен такташып алып андан кийин эл аралык келишимге алып келиш керек", - дейт Айталиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: