super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бейтаптар айрым гана учурда курттар пайда болорун айтышты" дейт Таластагы ооруканадан

 

Таластагы Чолпон Мамбетов атындагы облустук оорукананын балдар бөлүмүн курттар каптап кетти деген билдирүүсүн окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жиберген. Айтымында, уктап жатканда курттар кулагыбызга кирип кетет деп тынчсызданышат.

Мындай кайрылуудан кийин ооруканага байланышканыбызда, мээрмандык иштер боюнча директордун орун басары Осмонова Арзыкан Бекташевна аталган бөлүмгө барып, курттардын бар же жок экенин көрүп келгенин айтат.

"Мен балдар бөлүмүнө барып, ар бир палатага кирип чыктым. Курттарды көргөн жокмун. Бейтаптар менен сүйлөшүп, курттар тууралуу сурадым. Алар айрым гана учурда тамак-аш салган шкафтан же жылытуучу батареянын аркасынан 1-2 курт чыгып каларын айтышты. Негизи тартип боюнча тамак-аш шкафта сакталбашы керек, азыктардын жарамдуу мөөнөтү бүткөндө бузулуп баштайт. Мындан улам курттар бузулган азыкка топтолот", - дейт Осмонова.

Ошондой эле ал тазалык иштери боюнча төмөндөгүлөрдү кошумчалады.

"Күн сайын оорукананын ичи эртең менен, түштө жана кечинде жуулуп турат. Ар дүйшөмбү күндөрү генералдык тазалоо болот. Бейтап ооруканадан чыкканда дагы керебет, шкафтары дагы тазаланат. Жылына эки ирет келишимдик негизде ооруканада дезинфекция иштери жүргүзүлөт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.01.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой мындай таракандар Беловодскинин роддомунда да толтура...баланын кулактарына кирип кетпесин деп кайтарып отуруп тажайсын... жууганын жуушат, но толку от этого никаких... таракандар бар и боло берет еще...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: