"ЭЛДИК КАБАРГА" жооп: "Ар бир абоненттин эсеп-дүмүрчөгү электрондук түрдө эсептелет, ашыкча же жасалма сумманы чыгаруу мүмкүн эмес" дейт "Ош электр" ишканасынан

"Ош электр" ишканасы суткалык электрдик сарптоонун киловаттарын туура эмес эсептеп, мындан улам көбүрөөк сумма чыгып, элге зыян тийип жатат" деп билдирген "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман.
Бул суроо боюнча "Ош электр" ишканасына кайрылганыбызда, ар бир абоненттин эсеп-дүмүрчөгү электрондук түрдө эсептелерин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурилич Токонбаев билдирди.
"Биздин расмий сайтта "электр энергиянын калькулятору" деген бөлүм бар. Ошол жактан ар бир абонент күндүк, айлык жана жылдык киловаттарын жазуу менен эсепке чыгуучу суммасын эсептеп алса болот. Бул жакта ар бир тыйынга чейин чыгарылат. Мисалга алсак, 700 киловатты 12 айга көбөйтсөк 8400 киловатт чыгат. Кайрадан 8400кВт÷365 күнгө бөлсөк = 23.01кВт күнүнө эсептелет. Андыктан бул жакта ашыкча же жасалма сумманы чыгаруу мүмкүн эмес. Бардыгы ачык-айкын жүргүзүлөт", - дейт ал.









1 |