super.kg logo
  Саясат  

Айнуру Алтыбаева: "Биримдик" партиясынын тизмеси парламенттик шайлоого жакын съездде бекитилет"

 

Социалдык түйүндөрдө "Биримдик" деген партия түзүлүп, парламенттик шайлоого кам көрүп жатышат деген маалыматтар жазылууда. Аталган партиянын тизмесине КСДП фракциясынан депутаттар Асылбек Жээнбеков, Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева кире турганы айтылып жатат.

Айнуру Алтыбаева "Биримдик" партиясынын тизмеси парламенттик шайлоого жакын съездде бекитиле турганын айтты.

"Мен "Биримдик" партиясынын негиздөөчүсү болуп эсептелем. Партияны 2005-жылы август айында юридикалык каттоодон өткөргөнбүз. Парламенттик шайлоо күзүндө болот, ага чейин убакыт бар. Эч кандай тизме жок. Биринчи ал шайлоого даярданыш керек. Ал тизме шайлоого жакын съездде бекитилет", - дейт ал.

Былтыр, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасаган. Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жылдын декабрь айында өткөн маалымат жыйында бир тууганы Асылбек Жээнбеков шайлоого катышарын өзү чечет деп жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: