Панфилов районунда жол тандабас унаасы эки окуучу кызды уурдап кетти деген билдирүү боюнча Чүй ОИИББи маалымат тастыкталбаганын билдирет
Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Эркин-Сай айылында эки бала уурдалды деген маалымат WhatsApp аркылуу тарап жатат. Бул маалымат боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, бул билдирүү чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"Бизге аталган айылда жол тандабас эки окуучу кызды уурдап кетти деген билдирүү келип түшкөн. Бирок тийиштүү кызматкерлер жерине барганда аталган маалымат тастыкталган эмес. Учурда укук коргоо органдары бардык жерде сурак жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары, маалыматты тараткандар дагы изделүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

..