super.kg logo

Суданда ачкадан өлгөнү калган арстандын сүрөтү интернетке жарыяланды

 

Суданда ачкачылыктан арстандар өлүп жатканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Судандын жашоочусу ачкадан өлөйүн деп калган арстандын сүрөтүн интернетке тараткан. Мындан улам социалдык тармактарда арстанды сактап калуу аракеттери жүрө баштаган. Ал эми жергиликтүү чиновниктер бул өлкөдөгү экономикалык кризистен улам болуп жатканын айтып түшүндүрүшкөн.

Судандын жашоочусу Осман Салих өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Аль-Куреш сейил багындагы арстандын абалы тууралуу пост жазган. Ал эми 20-январда арстандын ургаачысы өлгөнүн билдирген. Жергиликтүү бийлик кризистен улам жаныбарларга тамак жана дары-дармек алып бере албай жатышканын билдиришкен. Ал эми Салих сейил бактын бир айлык кирешеси бир арстанды бакканга жетпей жатканын кошумчалаган. Бул пост социалдык тармактарда катуу талкууга алынып, активисттер жаныбарларды коргоо максатында "Судандагы жаныбарларды сактайбыз" деген хештег менен чогулуп башташкан. Аларга Салих арстанга тамакты өздөрү алып келип берсе жакшы болорун айткан.

Дүйнөлүк жапайы жаныбарлардын фондунун маалыматы боюнча, африкалык арстандардын саны акыркы айларда 40 пайызга төмөндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
23.01.2020. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эч нерсе бербей коюптур да таш боорлор,бага албасанар койо бергиле ачка камабай.
Dembele84 түзөттү 2020-01-23 09:24:25
23.01.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир арстанды сактайбыз деп канча уй кой олот. Ал жагын ойлошбойт. Коюп жиберишсин ошончо олгучо кармап отура бербей
23.01.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге бир жаныбарды чыгарасыңар? Канчалаган элдер адамдар ачкадан өлүп жатат! ошолорду чыгарбайсыңарбы? Эх кайран адамдар, кайран заман. Эмне эле болуп баратат адамдар. Цивилизация өнүгүп жатат дейсиңер. Цивилизация эмес эле, айбанчылык өнүгүп жатат!
24.01.2020. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныбар жана адам. Экоон тен жаратуучу жараткан. Экоо тен жашоого укуктуу. Экоо тен жардамга муктаж болот. Бир эне беш баласын бирдей жакшы коргондой эле. Жараткандын алдында жаныбарлар менен адамдар бирдей болсок керек. Тескерисинче адамдар оздорунун жасап жаткан ото жаман жоруктары менен жаныбарларга салыштырмалуу начар жандуулар болуп эсептелсек керек. Андыктан жаныбарды коюп адамдарга жардам беруу керек деген гумандуулукка жатпай калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: