super.kg logo

Боору жарылып кеткен. Кара-Сууда эки айылдаштын урушу өлүм менен аяктады

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Ал эми РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүүнү изи сууй электе кармаган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-январь күнү Кара-Суу РИИБине саат 11:15 чамасында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы тургуну А.О.нун жансыз денеси өз үйүндө табылгандыгы боюнча кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу маркумдун денесине кароо жүргүзгөн учурда ал жаран катуу соккудан улам боору жарылып кеткендигин аныктаган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү тактап кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзө башташкан. Кылмыштын изи сууй электе бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын жашоочусу 46 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалган.

Алгачкы суракта маркум менен кылмышка шектүү унаанын документи тууралуу сөз талашып мушташып кеткен. Маркум жыгылып түшкөн учурда буту менен боор тарапка катуу тээп жиберген. Андан соң жардам көрсөтпөстөн үйүнө кетип калган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон. Маркум 2014-жылдын күз айында үй-бүлөсү менен ажырашып, үйүндө жалгыз жашап жаткан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
23.01.2020. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
РИИбинин кызматкерлери диагнозду сразу койуп салыптырда ээ силер врач болуп иштешинер керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: