Депутат: "Мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы боюнча Тартип комиссиясы тийиштүү чараларды көрүшү керек"
"Мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы боюнча Тартип комиссиясы тийиштүү чараларды көрүшү керек", - деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.
"Өткөн жылдын соңунда мас абалында жол кырсыгын жасаган Жалал-Абад шаардык сотунун судьясына Жол коопсуздугу кызматы тарабынан протокол толтурулган. Судья сотко протоколду жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылыптыр. Эми ошол мас судьянын арызын анын кесиптеши караганы жатыптыр. Карга карганын көзүн чокумак беле, ишти андан алып, калыс чечүү үчүн калыс жолдорун караштыруу зарыл. Жол коопсуздугу кызматынын кызматкерлери ишти башка сотко берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок ал четке кагылып калды. Эгер сот протоколду жокко чыгарып салса, анда мындан ары жол коопсуздугун одоно бузган судьяларга протоколдор толтурулбай калат. Бул маселе боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы тийиштүү чараларды көрүшү керек", - дейт депутат.










1 |