super.kg logo

Окуучу кыздарды уурдады деген окуя. "Кыздардын көрсөтмөсү окуяга дал келбей жатат" деп билдиришти Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан

 

Панфилов районунда кыздарды уурдаганга аракет кылышкан деген маалымат боюнча кыздар суракка алынганда, алардын көрсөтмөлөрүнөн окуяга дал келбей калган учурлар болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"22-январь күнү саат 14:15 чамасында Панфилов РИИБине Эркин-Сай айылында белгисиз автоунаа менен жүргөн бейтааныш адамдар эки жашы жете элек балдарды уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Милиция кызматкерлери тарабынан эки жашы жете элек кыздын өздүгү аныкталып, ата-энесинин катышуусу менен суракка алынган. Кыздардын көрсөтмөлөрү айтылып жаткан окуя менен айрым жерден дал келбей калгандыктан, окуяны толук аныктоо үчүн жергиликтүү тургундардан да сурак жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында эч ким айылдан бейтааныш адамдарды жана белгисиз унааны көрбөгөнү аныкталган. Учурда аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Чүй ОИИББи социалдык тармактарга тараган кылмышка шектүүлөр кармалды деген маалымат чындыкка жатпай турганын жана тургундардан жашы жете элек балдарды уурдоо боюнча такталбаган маалыматтарды таратпоону суранат.

Эске салсак, буга чейин Панфилов районунда жол тандабас эки окуучу кызды уурдап кетти деген видео коомчулукка тараган.






Панфилов районунда жол тандабас эки окуучу кызды уурдап кетти деген окуя

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
23.01.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан бул кыздарга эмее болуптур????
23.01.2020. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Наркылар акчадан берип басып койгонбу дем да...
Даагы ким билет азыр ишенич кыйын...
23.01.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Факт жок экен да ?
23.01.2020. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дал келбейт деп эле жабылып калабы ошондо
23.01.2020. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентке баргыла факт алып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: