super.kg logo

Депутат: "Онкология жана гепатит дартына чалдыккандардын саны көбөйүүдө"

 

Депутат Таабалды Тиллаев акыркы мезгилде онкология жана гепатит дартына чалдыккандардын саны көбөйүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Аялдар менен балдардын арасында мындай дартка чалдыккандар көп. Эгерде биз азыртан оорунун алдын алуу чараларын колго албасак, анда миллиарддаган каражаттан кол жууйбуз. Мамлекетибиз менен калкыбыздын коопсуздугуна залакасы тийет. Өкмөт бул багытта чараларды көрүүгө тийиш. Жогорку Кеңеш өзүнчө эле ооруканага айланып калды, жардам сурап кайрылгандар өтө көп. Мындай оор дартка чалдыккандарга чет өлкөлөрдө операция жасалат. Дарыланууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок, ошондон улам алар кыйналат, туугандарына да кыйын. Монголияда мамлекет калктын саламаттыгына акысыз изилдөө жүргүзүп, алдын алуу чараларын көрөт экен. Биз дагы алардын тажрыйбасына кайрылышыбыз керек", - дейт Тиллаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2020. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа бул жагы тузук....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: