super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн бардык май куюучу станциялары электрондук системге өтөт

 

2020-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз өлкөсүнүн бардык май куюучу станциялары мунайзатты берүүнү эсепке алуу электрондук системге өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев маалымат жыйынында билдирди.

“Бул системдин өзгөчөлүгү кардар көзөмөл-кассалык машинадан алынган кассалык чек болмоюнча май куюп ала албайт. Себеби май куюучу колонкасынан мунай затты берүү жөнүндө сигнал иштебейт. Андан тышкары, кардарга мунай зат куюлуп жатканда, онлайн режиминде маалыматты ыйгарым укуктуу салык органынын серверине паралелдүү түрдө берүүгө мүмкүндүк берет”, - дейт ал.

Мындан тышкары, Абдалиев 2020-жылдан баштап алкоголдук продукцияны жана бут кийимдерди санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилип жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: