super.kg logo

"Google" компаниясы смартфонго көз каранды болгондордун маселесин чечти

 

"Google" компаниясы смартфондон көз каранды болуп, интернетте көп убакыт отургандар үчүн жаңы тиркеме ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ага ылайык, компания смартфонду кагаз конвертке салып коюуну сунуштайт.

"Google компаниясы “Санарип коопсуздугу” долбоорунун алкагында үч эксперименталдык долбоорду ишке киргизди. Тиркемелердин бири "Envelope" (кыргызча: кабык, сырт, конверт) деп аталат. Бул тиркеме уюлдук телефондун номур терүү, камера жана чалууларды кабыл алуу функцияларын гана калтырып, калган мүмкүнчүлүктөрдү чектейт. Тиркемени колдонууда смартфонду атайын кагаз конвертке салып коюу сунушталат. Кагаз конвертке түшкөндөн кийин смартфондон бир гана чалуу жүргүзүп, камерасын колдонуп, жана керектүү номурларды терүүгө мүмкүн.

Мындан тышкары, колдонуучунун активдүүлүгүн контролдоп турган дагы эки сервис ишке кирди. Анын бири "Activity Bubbles" (кыргызча: активдүү шарикчелер) - бул тиркеме колдонуучу смартфонду колдонгон сайын экранды шарикчелер менен толтуруп турат. Мисалы бир жолу кирсең - бир шарикче. Андан кийин смартфонго кирген сайын шарикчелердин саны дагы өсүп турат. Ошондой эле шарикчелердин көлөмү смартфонду колдонуу убактысына жараша дагы өзгөрөт. Андан кийинки сервис "Screen Stopwatch" (экран секундомери) — бул сервис смартфонду колдонуу убактысын көзөмөлдөп турат. Анын программасына ылайык, телефондун дисплейинде колдонгон убакытты көрсөтүп турган секундомер чыгып турат", - деп айтылат маалыматта.






Google компаниясы смартфондон көз каранды болгондор үчүн аны кагаз конвертке салууну сунуштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: