Контейнер мектеп чуусу эстен чыга электе Нарында чычкан жеп салган мектеп бар экендиги айтылды. Директору эмне дейт?




Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектеби кышында суук болуп, окуучулар муздак мектепте окуп жатканын бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңеште депутат Жылдыз Мусабекова айтып чыкты.
Анын айтымында, мектеп жеңил конструкция менен салынгандыктан чычкандар жылытуу үчүн коюлган айнек ватаны жеп салган.
"Кышында суук, жайында чычкан сасыйт. Мен бул маселени карап көрүүнү сунуштайм", - деди депутат.
Ал эми SUPER.KG порталы аталган мектептин директору Акылбек Жапановго байланышып, мектептин учурдагы абалын сурады.
"Бул мектеп 2006-жылы эксперименталдык негизде салынган. Азыркы убакытка карата анын мөөнөтү бүткөн. Жаңы салынышы керек. Мектеп азыр суук, бирок биз окуучулардын окуусун үзгүлтүккө учуратпастан колдон келишинче жылуулатып жатабыз. Ооба, жылытуу үчүн коюлган айнек ватаны чычкандар жеп жатат. Бизге келген маалыматтар боюнча жаңы мектеп салуу 2021-жылдын бюджетине кирди", - деди мектеп директору.









1 |