super.kg logo

Окуучу кыздарды уурдады деген окуя. Мектеп директору окуя чындыкка дал келбей жатканын айтты

 

Панфилов районунда кыздарды уурдаганга аракет кылышкан деген окуя боюнча Эркин-Сай айылындагы Кубат Жуматаев атындагы орто мектептин директору Тойчубек Өмүралиевге байланышканыбызда маалымат чындыкка дал келбей жатканын билдирди.

"Айтылып жаткан эки кыз биздин мектепте 2-класста окушат. Эки кыз өтүп баратканын кошуналары көргөн. Бирок алар эч кандай унааны көрүшкөн эмес. Азыр милиция кызматкерлери иштеп жатышат. Маалымат чындыкка дал келбегендей болуп жатат. Кечээ окуя болду делгенден кийин ал эки кызды ата-энелери менен милиция кызматкерлери суракка алышкан. Бирок окуучулардын сүйлөгөндөрү эки башка чыгып жатат. Алардын айтымында, окуя мектептен тарап үйлөрүнө бара жатканда болгон", - деди мектеп директору.

Окуянын чоо-жайы:

Чүй ОИИББине 22-январь күнү саат 14:15 чамасында Панфилов РИИБине Эркин-Сай айылында белгисиз автоунаа менен жүргөн бейтааныш адамдар эки жашы жете элек балдарды уурдоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барган. Милиция кызматкерлери тарабынан эки жашы жете элек кыздын өздүгү аныкталып, ата-энесинин катышуусу менен суракка алынган. Кыздардын көрсөтмөлөрү айтылып жаткан окуя менен айрым жерден дал келбей калгандыктан, окуяны толук аныктоо үчүн жергиликтүү тургундардан да сурак жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында эч ким айылдан бейтааныш адамдарды жана белгисиз унааны көрбөгөнү аныкталган. Учурда аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ошондой эле Чүй ОИИББи социалдык тармактарга тараган кылмышка шектүүлөр кармалды деген маалымат чындыкка жатпай турганын жана тургундардан жашы жете элек балдарды уурдоо боюнча такталбаган маалыматтарды таратпоону суранат.

Эске салсак, буга чейин Панфилов районунда жол тандабас эки окуучу кызды уурдап кетти деген видео коомчулукка тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.01.2020. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бышпаган такталбаган маалыматтар менен эле болушо бербей, ошол кыздардын Ата энелерине барып интервью алсанар болбойт беле? Бул маалыматтар эчак белгилуу. Ошону тактап ырастап оздоруно барып интервью алып чыгарсанар озунорго чоон плюс болмок да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: