super.kg logo
  Саясат  

КҮНСОБОЛ: Баткен облус башчысы мугалимдерге "галстугуңар жок" дегени сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет? Сайдулла Нышанов: "Мадумаровдун айтканы туура эле, мугалимдер үлгү болушу керек"

 

Социалдык түйүндөргө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин "галстугуңар жок" деп сындаган видеосу тараган. Анда ал мугалимдер менен жолугуп жатып, мугалимдер окуу жайда студенттерге үлгү болуп жүрүшү керектигин белгилеген. Бул сөзү үчүн Акрам Мадумаров коомчулукта сынга кабылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мугалимдерге карата "галстугуңар жок" дегени коомчулук тарабынан сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов мугалимдер үлгү болушу керектигин айтты.

"СССР убагында аймактардагы мугалимдер интеллигент болушкан. Мугалимдер келе жатканда баары жолдон качып, саламын айтып, урматтап-сыйлашкан. Бирок ошол мезгилде айылда бир эле мугалимдер галстук тагынчу. Мугалим болгондон кийин галстук тагынып жүрсө жакшы болмок. Мадумаровдун айтканы туура эле. Мугалим үлгү болушу керек", - дейт Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: