super.kg logo

"Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп баштады

 

Аба ырайына байланыштуу аба каттамдар кармалып, рейстердин убактысы жылдырылган "Манас" аэропорту штаттык режимде иштеп баштады. Маалыматты аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү билдирди.

"Аэропорттун аймагындагы туман тарап, аба ырайы турукташты. Мындан улам аэропорт штаттык режимде иштеп баштады. Учурда буга чейин кармалган рейстер абага көтөрүлүп жатат. Бир гана Бишкек-Москва каттамы саат 23:00гө жылдырылды. Ал эми Ташкенттен жана Оштон уча турган учактар Бишкекке келип, кайра эле артка учат", - деп билдирди маалымат кызматынын өкүлү.

Бүгүн, 23-январда туманга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдар кармалып, убактысы жылдырылган.

Каттамдардын убактысын алдын ала тактап алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышыңыз.

"Манас" аэропорту - 0(312) 693-0109;

"Ош" аэропорту - 0(3222) 90101.

"Манас" аэропорту бул ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: