super.kg logo

Аламүдүн районунда адам өлтүрүү кылмышына шектелген жаранды кармоо учурунда анын туугандары милиция кызматкерлерин таш менен урушкан

 

Аламүдүн районунда адам өлтүрүү кылмышына шектелген жаранды кармоо учурунда анын туугандары ( 13-15 киши ) милиция кызматкерлерин таш менен уруп, кызматтык унаасына да зыян келтиришкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи бүгүн, 20-августта билдирди. Маалыматка ылайык, 18-августта Октябрь айылында 22 жаштагы жаран 2 баланы бычак менен сайып салган. 17 жаштагы бала алган жаракаттарынан улам көз жумуп, маркумдун  21 жаштагы агасы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 1 сааттын ичинде кылмышка шектүү жарандын жашаган жери такталган. Аны кармоо учурунда шектүүнүн туугандары милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Нөөмөт бөлүмү кошумча милиция кызматкерлерин жөнөтүп, шектүү кармалган. Ал 22 жаштагы мурун ээнбаштык кылганы үчүн соттолгон Тажикстандын жараны болуп чыкты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.08.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер биздин милицияларды биздин бишкекете таш менен уруп жатышабы?оооуу бизди бечелден каттуу кордошо башташтыго ыя?!!
20.08.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутунан асыш керек тажиктерди.
21.08.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aviator, Кой антпе жип текке кетсинби ха.ха
21.08.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин МВД оозун ачып олтура берсе хачиктер эмес башкасы деле урат. Москвада бир оперге кол которду эле эмне болду? Эми колунардан келсе к..ун айрыгыла. Акча берсе эле корбой калып качырып жибере бербей!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: