super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров: "Мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындагандын ордуна аларга ыраазычылык билдирүү зарыл". КҮНСОБОЛ

 

Социалдык түйүндөргө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин "галстугуңар жок" деп сындаган видеосу тараган. Анда ал мугалимдер менен жолугуп жатып, мугалимдер окуу жайда студенттерге үлгү болуп жүрүшү керектигин белгилеген. Бул сөзү үчүн Акрам Мадумаров коомчулукта сынга кабылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мугалимдерге карата "галстугуңар жок" дегени коомчулук тарабынан сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет?" деген собол салды.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындагандын ордуна аларга ыраазычылык билдирүү зарыл экенин белгиледи.

"Ушундай оор заманда балдарды окутуп фанат болуп мугалим болуп иштегендерге ыраазычылык билдириш керек. Галстук болсо эле баары чечилип кетмек беле? Мен ал киши эмнени айтканына түшүнгөн жокмун. Мугалимдерге таазим кылуу зарыл. Галстук экинчи пландагы иш. Ал мугалимдерден кечирим сурасын. Мадумаров мугалимдерди материалдык, моралдык жактан кантип колдойбуз деп ойлонсо болмок", - дейт Токтонасыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: