super.kg logo

"Кытайдан чыккан вируска байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоо туура эмес" дейт саламаттыкты сактоо министри

 

23-январь күнү саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус тууралуу сүйлөштү.

Жолугушууда элчи Кытайдан чыккан вирус тууралуу так жана толук маалымат таратуу керектигин айтты. Анын айтымында, 22-январь күнү Кытайда пресс-конференция өткөрүлүп, саламаттыкты сактоо боюнча Улуттук комиссиянын өкүлдөрү маалымат беришкен. Расмий билдирүү боюнча вирус аба аркылуу жугат. 23-январга карата алынган маалыматка ылайык, вируска чалдыккандардын саны 571ге жетип, 17 киши каза болгон. Вирус азыркы күндө Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Япония, Таиланд, АКШда катталды. Андан сырткары Ду Дэвень окуя өкмөттүн көзөмөлүндө экендигин жана чет элдиктер үчүн виза берүү токтотулбаганын кошумчалаган.

Космосбек Чолпонбаев өз сөзүндө Кытай жана башка өлкөдөн келген жарандар санитардык-карантиндик көзөмөлдөө пунктунда эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комитетинин эксперттеринин жыйынтыгы менен учурда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо туура эмес", - деген министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
24.01.2020. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
бул дегени биз эч чара корбой элебиз дегени эмеспи
24.01.2020. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
өзгөчо кырдаалдарды жарыялоого зарылчылык болбосо да, кытайлардын киришин чектөө кк. Аба аркылуу жукса, бизге тез эле жетип келет. Экономикасы күчтүү мамлекеттер карантин жарыяласа да, биздин мамлекет мындай коркунучтуу дарт менен күрөшүүгө алсыздык кылат. Космосбек байкеси андан көрө алдын алуу иш чарасын күчөтүнүз
24.01.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
границаны таптакыр жабыш керек адамдарды момо жемиш бут барын тосуш керек а то кытайлар агып эле келип атат
24.01.2020. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
26 кишиге жетиптир деп жатат олгон адамдардын санын.
24.01.2020. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лохтор озунарды ачып отура бергиле жаппайсынарбы чек араны.
24.01.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каптап келгенде анан негиз болот бекен буга
24.01.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соссуз ошо вирустан бироо олсо анан жарыялаш керекпи?Туура эмес.Абал коркунучтуу.Чек арада козомол жок,кытайлат бизде толтура.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: